Connect with us

Өкмөт Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырды  

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 371 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө экологиялык уюмдардын да өкүлдөрү катышып, Бишкек шаарындагы экологиялык жагдайдын актуалдуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, борбор калаадагы экологиялык кырдаал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айланды.

Ошону менен бирге, анын айтымында, мамлекеттик органдардын, экологиялык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан борбордун экологиясына таасирин тийгизген көп факторлорду саналууда.

Өкмөт башчы кыйла көйгөйлүү багыттар боюнча экологиялык жүктөмү азайтуу чараларынын конкреттүү топтому иштелип чыкканын өзгөчө белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерин киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштыруунун мастштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, жарандардын арасында экологиялык билим менен маданияттын принциптерин пропагандалоо керек.

Copyright © 2017 Maral FM