Connect with us

Президент кыргызстандык православдарды Рождество менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 690 | 0

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандагы православдарды Рождество (Иса пайгамбардын туулган күнү) майрамы менен куттуктады. Жээнбеков бул − жакшылык менен ак ниеттүүлүккө жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө чакырган майрам экенин белгилеген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент куттуктоосунда ошондой эле, Кыргызстан бардык салттуу диндерге сый мамиле кыларын белгилеп, жарандарды өлкөнү өнүктүрүү үчүн биргеликте кызмат кылууга чакырган.

Коомдогу туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн түрдүү конфессиялар ортосундагы өз ара катнаш зарыл экенин айтат Жээнбеков.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM