Connect with us

Чехия: 6 кишинин өмүрүн алган адам өз жанын кыйды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 742 | 0

Чехияда ооруканада ок чыгарган адам колго түшүп бербестен, өз жанын кыйып жиберүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу өлкөнүн полиция кызматкерлери маалымдаган.

Айта кетсек, 10-декабрда Чехиянын Острава шаарындагы ооруканалардын биринде ок атуу болду. Анда 6 киши каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

Кылмыштуу окуя катталган жерге Чехиянын өкмөт башчысы Андрей Бабиш, ички иштер министри Ян Гамачек жана Саламаттык сактоо министри Адам Войтех келди. Ошондой эле, оорукана жайгашкан райондон он миңдеген адамдар эвакуацияланган.

Copyright © 2017 Maral FM