Биз менен байланышыңыз

Чехияда жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны алтыга жетти (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 672 | 0

Эки жашар кыз Чехиянын түштүк-чыгышында болгон катуу торнадонун алтынчы курмандыгы болду. Ал Брно шаарындагы «Факультет» ооруканасында көз жумду. Бул тууралуу аталган медициналык мекеменин басма сөз катчысы Вероника Плаха билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

«Бейтап наристе болгондуктан биз анын өлүмү жөнүндө кошумча маалымат бере албайбыз», — деп айткан Плаха.

Буга чейин торнадонун кесепетинен беш адам каза болуп, анын ичинде кош бойлуу аял бар экени айтылган. Жаратылыш кырсыгынан кеминде 300 адам жабыркаган.

25-июнга караган түнү Чехиянын түштүк-чыгышында, Австрия менен Словакиядан алыс эмес аймакта катуу торнадо жүрүп, бир нече конуш жана Годонин шаарын кыйроого учуратты.

Кыйроого алып келген торнадонун ылдамдыгы саатына 267-322 чакырымга жеткен.

Кырсык болгон аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Азыркы тапта ал жакта куткаруучулар жарандарга жардам берип, уранды алдында калган адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө.

Чехиялык куткаруучуларга жардам берүү үчүн Австрия менен Словакиядан да куткаруучулар барган.

Бийлик кырсыктан жабыркагандарга алгачкы кенемте катары 2,7 миң доллар берүүнү сунуштоодо. Ошондой эле өлкөдө жабыркагандарга жардам чогултуу иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM