Биз менен байланышыңыз

Чехияда олуттуу эпидемиологиялык кырдаал жаралды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 447 | 0

Чехия өлкөсү адам санына карата эсептегенде, коронавирус инфекциясы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. 10,5 миллион калкы бар өлкөдө коронавирустан каза болгондор 20 миңден ашты.

Чехияда 8,2 миңге жакын бейтап ооруканага жаткырылганы маалымдалды. Өлкөдө бир күндө 16 миңден ашуун жаңы учур аныкталды.

«Абал кооптуу. Кризистик сценарий чындыкка айланды. Ооруканага жаткыруу жана бейтаптарды дарылоо үчүн эл аралык жардам алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри жана кризистик кырдаалды башкаруу штабынын башчысы Ян Гамачек.

Өлкө былтыр күздөн бери катуу чектөөлөрдүн астында жашап келет. Ресторандар менен кафелер тамак-аш жеткирүү кызматын гана аткарат, азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка дүкөндөр, бала бакчалар жана мектептер жабык, кечки саат 9дан таңкы 5ке чейин коменданттык саат киргизилген.

Февраль айынын аягынан бери коомдук жайларда беткап же респиратор кийип жүрүү милдеттендирилди.

Көрүлүп жаткан чараларга карабастан, ооруга чалдыккандар көбөйүүдө. Өлкөдө 1 млн 300 миңге жакын адам коронавируска чалдыккан.

Copyright © 2017 Maral FM