Биз менен байланышыңыз

Чехиянын саламаттыкты сактоо министри вирустун өсүшүнө байланыштуу кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 368 | 0

Чехиянын саламаттыкты сактоо министри Адам Войтех өлкөдө COVID-19дун саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу 21-сентябрда кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Чехия акыркы күндөрү жугуштуу оорулардын санынын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулду.

«Мен Саламаттыкты сактоо министрлигине бул тармакты өркүндөтүү үчүн келгем. Коронавирус эпидемиясы буга жол берген жок. Мен саламаттыкты сактоону алдыга жылдыруу үчүн бардыгын жасаганга аракет кылдым», —  деп билдирген Войтех.

Жазында Чехия биринчилерден болуп катуу карантин чараларын киргизген. Бул коронавирустун жайылышынан сактай алды жана өлгөндөрдүн саны да  Италия, Испания жана Германия сыяктуу башка европалык өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн деңгээлде болду.

Бирок инфекцияны жуктуруп алгандар азайып баштаганда, май-июнь айларында, дээрлик бардык чектөөлөр алынып салынды. Августтун аягында оору жуктургандардын саны кескин көбөйө баштады, акыркы күндөрү алардын саны күнүнө 2 миңден ашып жатат. 21-сентябрга карата Чехияда жалпысынан 49 миң 290 адам коронавируска кабылып, 503 адамдын оорусу өлүм менен аяктаган.

Коронавирустун жаңы учурларынын өсүшү Европанын башка өлкөлөрүндө, атап айтканда, Испанияда жана Францияда да байкалууда. Британ бийлиги коронавирустун көбөйүп жаткандыгын эскертүүдө. Өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон жаңы карантиндин киргизилиши тууралуу маалымат таратты. Өткөн жумада Израил тарабынан жалпы улуттук экинчи карантин жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM