Биз менен байланышыңыз

Чехия 18 орус дипломатын өлкөдөн чыгарат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 1467 | 0

Чехия 18 орус дипломаты депортацияланарын жарыялады жана Орусиянын Прагадагы элчиси өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу «Интерфакс» билдирди.

Европалык маалымат каражаттары кабарлагандай, кеп дипломатиялык аталышта иштеген орусиялык чалгындоо кызматкерлери жөнүндө болуп жатат. Мындай чечим орус чалгындоо кызматы 2014-жылы Чехиядагы курал-жарак сактоочу жайдагы жарылууга тиешеси бар деген бүтүмдөн кийин кабыл алынгандыгы кабарланууда.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди «фокус» деп атады.

«Прага мындай амалкөйлүктүн кесепеттерин жакшы билет», — Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.

Буга чейин Орусия Украинанын консулун өлкөдөн чыгарары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM