Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Назарбаев күнү белгиленүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2019 | 805 | 0

Казакстанда 1-декабрда тунгуч президент «Нурсултан Назарбаев» күнү белгиленет. Салттуу түрдө бул күн дем алыш күнү болуп саналат. Быйылкы жылдагы 1-декабрь жекшемби күнүнө туура келгендиктен, дүйшөмбү, 2-декабрь күнү да өлкөдө расмий эс алуу күнү катары каралган.

«Елбасы күнү» Казакстанда 2012-жылдан бери белгиленип келет. Мындай мыйзам 2011-жылдын 10-декабрында Казакстандын парламент сенаты тарабынан кабыл алынган.

1991-жылдын 1-декабрында Нурсултан Назарбаев Казакстан Республикасынын президенти болуп шайланган.

Назарбаев мамлекетти 30 жыл башкарып, 2019-жылдын март айында президенттиктен өз каалоосу менен кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM