Биз менен байланышыңыз

Колледждердин өкүлдөрү стратегиялык пландоо боюнча окутуудан өтүштү

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 467 | 0

Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү стратегиялык пландоо аны баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрилигинин маалымат кызматы билдирди.

“Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасы” жардамында уюштурулган семинардын катышуучулары учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүүнү, стратегиялык максаттарды, милдет жана иш-аракеттерди иштеп чыгууну үйрөнүп, стратегиялык башкаруу инструменттери менен таанышты.

Окутуу орто кесиптик билим берүүнүн потенциалын жогорулатуу жана республика боюнча Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүү иш-чарасынын алкагында өткөрүлдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM