Биз менен байланышыңыз

АКШ мусулмандардын укугун тебелеген кытайлык компанияларга санкция жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1410 | 0

АКШнын Соода министри Синьцзян-Уйгур автономиялык аймагында жашаган этникалык азчылыктын укугун бузууга тиешеси бар Кытайдын 28 мамлекеттик мекемесине жана жеке ишканасына санкция киргизди.

Эл аралык укук коргоочулардын айтымына караганда, кытай бийлиги бир топ жылдан бери азчылыктын укугун бузуп келишкен. Аларды атайын программалар менен окууга мажбурлашып, «кайра тарбиялоочу» лагерлерге жиберишкен.

Санкция киргизилген тизмеге:

  • Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун коомдук коопсуздук башкармалыгы;
  • Башкармалыкка баш ийген 19 уюм;
  • 8 технологиялык компания кирет.

Кытай бийлиги мечиттерди жардырууну баштады


АКШ Соода министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бул системалар «адам укугун бузуп, азчылыкты түзгөн мусулман өкүлдөрүнө электрондук көзөмөл киргизишип, мыйзамсыз туткундоолорду жасаган».

Атайын тизмеге киргендерге америкалык технологиялар жөнөтүлбөй турганын билдиришкен.

Дүйнөлүк видеокөзөмөлдөө системасын өндүрүүчү «Hikvision» компаниясы мындай аракетке нааразычылыгын билдирген жана бул чектөөлөр «АКШнын экономикасына терс таасир тийгизерин» эскерткен.

БУУнун маалыматына ылайык, кытайдагы «тарбиялоочу лагерлерде» бир жарым миллиондон ашык уйгур жана башка мусулман азчылыгынын өкүлдөрү бар.

Copyright © 2017 Maral FM