Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан дин эркиндиги боюнча Борбор Азияда лидер экени АКШда айтылды

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 604 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ Вашингтон шаарында АКШ мамлекеттик департаментинин эл аралык диний эркиндик маселелери жана өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Сэмюэль Браунбэк менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти бүгүн кабарлады.

Адам укуктарын, анын ичинде диний эркиндикти камсыз кылууну коргоону жана сактоону Кыргызстан колдой турганы министр тарабынан баса белгиленди.

Браунбэк өз кезегинде, демократиялык өнүгүү жана диний эркиндикти сактоо маселелеринде Кыргызстандын аймактагы лидерлик ролун белгилеп, Кыргызстан бул багытта өз прогрессин улантаарына ишеним артты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM