Биз менен байланышыңыз

Кайсы эреже бузуулар боюнча айып пул төмөндөөрү айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Сен 2019 | 1671 | 1

Жол эрежесин бузууда айып пулдардын көлөмүн азайтуу боюнча иштелип чыккан мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда. Октябрь айында парламенттин жыйынында талкууланат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоорунда жол белгилерине баш ийбөө, чийимдердин талаптарын аткарбоо, стоп-линиядан өтүп кетүү, жарык берүүчү жабдыктарды колдонуу эрежелерин бузуу, аралыкты сактабоо сыяктуу бузууларга карата айып пулдардын көлөмүн 3 миң сомдон 1 миң сомго төмөндөтүү сунушу берилген.

Жалпысынан эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пул 3 миң сомдон 1000 сомго азайтылат.

«Мыйзамга ылайык, айып пул 15 күндүн ичинде төлөнсө, 50% жеңилдик каралган. Жасалма номур колдонгондор, жашы жете электер үчүн 5-15 миң, жашы жеткендерге 15-30 миң өлчөмүндө айып пул салынат. Ал эми номур жасагандарга 30-60 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган», — дейт Саркулов.

Ал берген маалыматка таянсак, жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөргө да айып пул салынат. Бул багытта 20дан ашуун жаранга айып пул салынган.

«Жол эрежесин бузган жөө жүргүнчү үчүн протокол түзүү үчүн анын өздүгүн тактоо зарыл. Бирок өлкөдө жарандар жанына өздүгүн тактаган документ алып жүрүүгө милдеттүү эмес. Мындан улам ИИМдин жакынкы жердеги бөлүгүнө алып барууга туура келет. Кырсыктардын дээрлик, 43 %ы жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү болуп жатат. Андыктан, жөө жүргүнчүлөр менен да иш алып баруудабыз», — дейт Саркулов.

Саркулов транспортко караганда жөө жүргүнчүлөргө артыкчылык берилиши керектигин кошумчалады.

Айдоочуларга жакшы жаңылык! Айып пулдун өлчөмү азаят. Бирок…

1 пикир

1 пикир

  1. болотбек

    20.04.2021 10:25

    шартка байланытуу алыс жерден келгендер 15 кундон 2 же 3 кун откоруп ийсе канча пайыз толойт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM