Биз менен байланышыңыз

Президент аймактардагы шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады

Кыска кабар | 16 Окт 2024 | 84 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, 17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпей тургандыгын жана шайлоого киришкен, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, жазага тартылаарын айткан.

«Административдик-аймактык реформанын өзү бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет. Мындан улам, бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө маанилүү иш-чара экенин баса белгилейм.

Дегеле жергиликтүү шайлоо болобу же Жогорку Кеңешке шайлоо болобу, айтор, бардык шайлоолор элибиздин жана өлкөбүздүн 5 жылдык тагдырына түздөн-түз таасир этет.

5 жыл аралыгында жергиликтүү тургундардын турмуш-тиричилигин жакшыртуу жана өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуу дал ушул силер өзүңөр тандаган өкүлдөргө байланыштуу болот», — деди президент.

Буга чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарган.

Үгүт өнөктүгү 17-октябрда башталат, ага 39 партия катушууда.

Copyright © 2017 Maral FM