Connect with us

«Кыргызстан — Түштүк Корея» бизнес-форуму өтүүдө

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 621 | 0

Бүгүн, 17-июлда Бишкекте «Кыргызстан-Түштүк Корея» бизнес-форуму өтүп жатат. Иш-чара Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду.

Бизнес-форумдун негизги максаты бизнес жаатында Кыргызстан-Түштүк Корея эки тараптуу алакасын түзүү болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 20 млн долларды түзгөн. Учурда мамлекеттер инвестициялык алакаларды кеңейтүү жана товарлардын экспорт жана импортун 100 млн долларга чейин жогорулатууну көздөп жатышат.

Кыргыз өлкөсүнө Түштүк Кореянын премьер-министри менен бирге Кореянын 50дөн ашуун компаниясынан өкүлдөр келишкен.

Бизнес-форум өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёнун катышуусунда өтүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM