Биз менен байланышыңыз

Президент: Дарыгерлер наристе өлүмүн үчтөн экиге кыскартты

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 499 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысы куттуктоосунда дарыгерлик жан дүйнө тазалыгын талап кылган, эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип экенин белгилеген.

Өлкө башчысы мамлекеттин алдында саламаттык сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү. Жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, калктын бардык катмарларын медициналык тейлөө менен камсыз кылуу милдети турарын белгилейт.

«Урматтуу, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери! Сиздердин эмгегиңиздер менен Кыргызстан наристелер өлүмүн үчтөн экиге кыскартып, миң жылдыктын өнүгүү максатына жетишкен 62 өлкөнүн бири болду.

Жакынкы жылдарда ар бир адамды, ар бир үй-бүлөнү үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым менен камсыз кылуу зарыл. Бул максатка жетүү үчүн өзгөчө айылдарда ФАПтардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун саны көбөйтүлөт. Алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот.

Оору-сыркоолордун алдын алуу иштерин кеңири жайылтуу керек. Сергек жашоо образы, дени сак муунду тарбиялоо мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш.

Кымбаттуу саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлери, бардык ак халатчандар, элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арналган ак эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазылык билдирем», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM