Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Арыс окуясына тиешелүүлөр 5-10 жылга соттолот

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 566 | 0

Казакстандын Арыс окуясы боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Жыйынтыгында жарылууга катышы барлар 5 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу КТК каналы маалымдады.

Азырынча окуянын себепкерлерин, кимдин шалаакылыгынан жарылуу болгонун издөө иши уланууда. Коргоо кызматкерлери аскердик бөлүктөгү тиешелүү адамдардан сурамжылоо жүргүзүүдө. Билдирүүгө караганда, учурда 100дөн ашуун адам тергөөдөн өткөн. Ошондой эле, адистер жардыруучу заттардын акыркысын тапканга чейин ишин улантат.

Акимчилик 7 миңдей үйдүн оңдолгонун жана Арыс тургундарынын көпчүлүгү жумушка чыгып баштаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, 46 адам жабыр тарткан. Аталган шаарда жалпы 45 миңден ашуун тургун бар.

Copyright © 2017 Maral FM