Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүн табы жогорулайт

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 145 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, түнкүсүн бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9  метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM