Биз менен байланышыңыз

Wildberries ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 98 | 0

Орусияда Wildberries компаниясындагы атышууга байланыштуу ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчукка жана андан тышкары алты кишиге айып тагылганын 19-сентябрда анын адвокаттарынын маалыматына таянып «Свобода» радиосу кабарлады.

Бакальчук 48 саатка камакка алынганы, бөгөт чарасы сотто каралары, ага адам өлтүрүү, тартип кызматкерлерине кол салуу, өзүм билемдик кылуу деген айыптар тагылганы кабарланды.

Өзү күнөөсү жок экенин, тергөөчүлөр тийиштүү документтерди изилдеп чыккандан кийин коё берерине ишенерин айтты.

Интернет аркылуу соода жүргүзүүчү Wildberries ири компаниясынын Москвадагы кеңсесинде 18-сентябрда ок атылып, эки киши каза болгон, дагы он чакты киши жараат алган. Интернет-дүкөндүн негиздөөчүсү, Орусиядагы эң бай аялдардын бири катары белгилүү Татьяна Бакальчук Телеграмга билдирүү жарыялап, мурдагы күйөөсү Владиславды компанияны басып алууга аракет кылып жатат деп айыптаган.

Анын айтымында, Владислав Бакальчук кеңсеге куралчан топтун коштоосу менен кирүүгө аракет кылган. Ал эми күйөөсү сүйлөшүү үчүн барганын, бирок командасы менен бирге белгисиз бирөөлөрдүн чабуулуна кабылганын айткан.

«Свобода» радиосу маалымдагандай, атышуу Кремлден 350 метр аралыкта жайгашкан «Романов Двор» бизнес-борборунда болду, жабыркагандар арасында кавказдык эрежесиз күрөш мушкерлеринен кеминде үчөө бар. Алардын бири, «Агентство» басылмасынын маалыматына караганда, Чеченстандын тургуну жана бул республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун «Ахмат» күрөш клубунун мүчөсү.

Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал быйыл жайында тутанган. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанган. Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын да белгилешкен.

Каза болгон эки киши компаниянын күзөт кызматкерлери экени айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM