Биз менен байланышыңыз

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын арзан сатып алган акциялары мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 20 Сен 2024 | 101 | 0

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын мурдагы жетекчилиги тарабынан төмөндөтүлгөн нарк менен сатылып алынган акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кабарлады.

«Кыргызнефтегаз» ААКнын мурдагы жетекчиси Б.Р.А. аталган ишкананын 383 миң 590 даана акциясын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2019-жылы Б.Р.А. «Кыргызнефтегаз» башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, бул ишкананын активдерин жана мүлктөрүн орусиялык «Газпром» ААКына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган.

Кийинчерээк кызматтык абалынан пайдаланып, компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк менен сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Р.А. өз ыктыяры менен «Кыргызнефтегаздын» аффилирленген жактарына таризделген жалпы суммасы 65 млн 615 миң 400 сомду түзгөн акцияларын мамлекетке өткөрүп бергени маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM