Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Америка Кубогунун жарым финалында перулуктар эки жыл удаасы менен чемпион болгон Чили курамасын 3:0 эсебинде утуп, сенсация жаратты.
Беттештин 21-мүнөтүндө чабуулчу Эдисон Флорес гол киргизип, эсеп ачты. 38-мүнөттө хавбек Йосимар Йотун аны эки эселетти. Беттештин 91-мүнөтүндө перулуктардын чабуулчусу Герреро гол киргизип, ири эсепке айлатты.
Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөтүндө Перу курамасынын дарбазасына пенальти берилди. Чилинин чабуулчусу Эдуардо Варгас аны киргизе алган жок.
Эсеп 3:0. Перулуктар финалда.
Финалда Перу курамасы Аргентинаны утуп чыккан Бразилия курамасы менен беттешет.
Америка Кубогунун быйылкы Бразилия – Перу финалдык оюну 7-июлда айтылуу «Маракана» стадионунда өтөт.