Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, Европага жүк жеткирүү 7-8 күндү үнөмдөйт»

Кыска кабар | 21 Окт 2024 | 142 | 0

Стамбул шаарында 2024-жылкы Дүйнөлүк Конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны өттү.

Жыйынга ЕЭК министри Арзыбек Кожошев катышкан. Ал Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыра баштаганын белгилеп, ишти координациялоо үчүн биргелешкен компания түзүлгөнүн билдирди.

ЕЭК министри министри: “Бул темир жол Кытайды Кыргызстан жана Өзбекстан, андан ары Түркия жана Европа менен байланыштырган эки багытта жүк ташуунун альтернативдүү жолу болуп калат. Долбоор Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо, алардын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана жаңы соода мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Долбоор бул каттамдагы бардык өлкөлөр үчүн олуттуу мультипликациялык эффект жаратып, өнөктөштүктү бекемдеп, соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет” – деп  маалымат берди.

Андан сырткары жолдун курулушу Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Казакстан аркылуу жүк ташуу маршрутун 900 чакырымга кыскартып, жеткирүү 7-8 күндү үнөмдөйт. Ал эми Орусия аркылуу өткөн каттамга салыштырмалуу каттам болжол менен 3000 км кыскарат. Бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү фактору болоорун айткан. Арзыбек Кожошев аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын дүйнөлүк транспорт системасына интеграцияланышына көмөктөшөөрүн айтып, Евразиянын транспорттук алкагынын маанилүү бөлүгү болуп калаарын кошумчалады.

2024-жылкы Дүйнөлүк Конгресстин алкагында транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландоо боюнча министрлердин жыйыны Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министрлигинин колдоосу астында Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM