Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусиядан «Тигр» ок өтпөс унааларын сатып алды

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 491 | 0

Өзбекстандын  куралдуу күчтөрү Орусиядан «Тигр» үлгүсүндөгү ок өтпөс унааларды сатып алды. Бул тууралуу Москвада өткөн Эл аралык аскердик-техникалык «Армия-2019» форумуна катышкан Өзбекстандын өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө таянып, ТАСС агентиги жазды.

«Тигр» ок өтпөс техникасын Орусиянын милиардери Олег Дерипаска таандык «Русские машины» холдинги чыгарат. Бир унаанын баасы 160 миң долларды түзөт.

Эске салсак, 2015-жылы Америка Кошмо Штаттары Өзбекстанга «Ашыкча куралдарды өткөрүү» долбоорунун негизинде  150 миллион доллардык  300 ок өтпөс аскердик  техника белекке берген.

Copyright © 2017 Maral FM