Биз менен байланышыңыз

Баткенде ак өрүк экспорттоло баштады

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 491 | 0

Баткен облусунда эрте бышуучу ак өрүктүн түшүмүн жыйноо башталды. Жеке ишкерлер тарабынан Орусия жана Казакстанга экспорттолууда. Бул тууралуу «Баткен Био» фабрикасынын башчысы Турсунали Төлөмүшов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында 7 миң гектардан ашык аянтта өрүк бак бар.

«Баткен облусу боюнча 7 миң гектар аянтта өрүк бар. Анын 20 пайызы ак өрүк. Быйылкы жыл жаанчыл болгондуктан өрүккө чекир оорусу тийип, сапат жагынан начар болуп калган. Ага карабастан экспорт иши болуп жатат. Быйылкы өрүк сатуу соодасы жеринде килограммына 70 сомдон башталган. Кийин 30 сомго чейин түшүп кеткен. Кечээтен тарта кайра 40 сомго чыкты», — деди Турсунали Төлөмүшов.

Copyright © 2017 Maral FM