Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 425 | 0

Бүгүн, 11-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн боло турчу Владимир Путиндин расмий сапары, ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, 13-14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM