Биз менен байланышыңыз

Финпол: 50 тонна мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 546 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен «MAN» маркасындагы 2 жүк ташуучу унаа мыйзамсыз күйүүчү май менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Текшерүү учурунда документте 50 тоннага жакын «жылытучу мунай» катары көрсөтүлгөн зат күйүүчү май экени аныкталды. Ал М. С. атуу жеке ишкерге таандык болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

Андан соң сотко чейинки иликтөө учурунда унаалардын ээлери өз каалоолору менен 100 миң сомдук акциздик салык төлөштү.

Copyright © 2017 Maral FM