Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: Өкмөт абанын булганышына каршы жетиштүү күрөшпөй жатат

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 547 | 0

Өкмөт абанын булганышына чара көрүү боюнча алгылыктуу иш алып барбай жатат. Бул маселени депутат Абдывахап Нурбаев парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.

Ал 5-июнда Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленерин айтып, өкмөттү да бул өнөктүккө (акция) катышууга чакырды.

— Быйыл күн тартибинде абанын булганышы каралат. Өкмөт да бул боюнча атайын долбоор иштеп чыгып, депутаттардын көзөмөлүндө болушу керек. БУУнун курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги менен чогуу иштешүү керек. Анткени, Бишкек жана Ош шаарларынын абасы булганып, анын айынан ооруган балдар да болуп жатат.

Эл өкүлү абаны тазалоо боюнча дүйнөдө бир катар фонддор иш алып барарын, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берерин да айтты. Ошондой эле, алар менен иштешүүнү өкмөткө сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM