Биз менен байланышыңыз

«Жарнак жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкууланат

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 587 | 0

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бүгүн «Жарнак жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда талкууга алышат. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайты кабарлады.

Маселе тууралуу аталган комитеттин башчысы Гүлкан Молдобекова баяндама жасайт.

Өкмөткө караштуу Терминология комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев Кыргыз терминологиясына «жарнак» деген сөз туура эмес кирип калганын, анын ордуна «жарнама» деген сөздү колдонуу керектигин айткан болчу.

Комитет депутаттары мындан тышкары, «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам күчүн жоготту деп таануу тууралуу долбоорду талкууга алышат.

Ошондой эле, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2018-жылдагы иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун угат.

Copyright © 2017 Maral FM