Биз менен байланышыңыз

Байланыш мамлекеттик комитетине Дастан Догоевдин талапкерлиги каралат

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 480 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 28-майдагы отурумунда Дастан Догоевдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылыгына талапкерлигин талкууга алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Талапкерди сунуштоо боюнча вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасайт.

Өкмөт башчы буга чейин аталган кызмат орунга Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштаган.

Догоев паспорт чыры боюнча УКМКга жакында эле сурак берип чыкканы маалым. Мындан улам, Өкмөт башчынын бул кадамы коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Copyright © 2017 Maral FM