Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште кош салыкты жоюу маселеси талкууга алынат

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 424 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүнкү отурумунда кыргыз-түркмөн өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салыкты жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун талкууга алат. Бул тууралуу Парламенттин расмий сайтында айтылат.

Аталган маселе боюнча Экономика министри Олег Панкратов баяндама жасайт. Комитеттин отурумунда ошондой эле, «Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана чечүү жолдору тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууга алынмакчы. Бул токтом Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев, Жунус уулу Алтынбек, Элвира Сурабалдиева, Бакыт Турусбеков тарабынан демилгеленген.

Copyright © 2017 Maral FM