Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Индия биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандуму колдоо тапты

Кыска кабар | 23 Дек 2019 | 475 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети илим жана медицина жаатындагы кыргыз-индиялык өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган Кыргыз Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандуму боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимге ылайык, илимий изилдөөлөр Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору  менен Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун базасында түзүлгөн Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борбору тарабынан ишке ашырылат.

Илимий изилдөөлөрдү өткөрүү инфратүзүмдөрдү колдоого каражаттар Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү уюму тарабынан бөлүнүп берилет. Меморандумду ишке ашыруу боюнча баардык каражаттар Кыргызстан тарабынан Улуттук кардиология жана терапия борборунун бюджетинин эсебинен жабылат жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Copyright © 2017 Maral FM