Биз менен байланышыңыз

Болгарияда жүргүнчү поезд өрттөнүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2019 | 587 | 0

Болгария мамлекетинин борбору Софиядан Горна Оряховица шаарына бараткан жүргүнчү поезди өрткө чалдыкты. Бул тууралуу Nova TV телеканалы кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, жүргүнчү поезд кечээ жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де, Роман шаарына жакындап калганда өрттөнө баштаган. Машинисттер поездди токтотуп, отту өчүрүүгө киришкен.

Поезддеги 300 жүргүнчү дароо чыгарылып кеткен. Кырсыктан жабыр тарткандар катталган эмес.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM