Биз менен байланышыңыз

«Бажы тармагын электрондоштурууга эркибиз жетпей жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 996 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде адам ресурсун жокко чыгарып, заманбап технологиялар пайдаланылса, бардык коррупциялык схема токтой турганын билдирди.

Эл өкүлү мындай оюн «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жүрүп жаткан иштер менен бышыктады.

«Буга чейин жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер мени токтотсо, эч нерсе төлөбөй кетип калчумун. Азыр эми «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери жол эрежесин бузсам, кааласам да, каалабасам да айып пул төлөйм. Мындан улам заманбап технологияларды киргизип, маселени адам эмес,  электрондук технология чече тургандай кылуу, ириде бажыдагы аткезчиликти токтотот. Бирок биздин эркибиз жок болгондуктан, бажыга электрондук рентген аппараттарын коё албай жатабыз. Бул көйгөйдү баарыбыз ЖМКлар менен бирге көтөрсөк, маселе чечилет», — дейт Маматалиев.

Анын айтымында, кайсы тармакта болбосун аткезчилик менен келген товарлар бажыда аты өзгөртүлүп көрсөтүлөт да, аз салык төлөнөт.

«Мунун баары жең ичинен сүйлөшүү аркылуу болот. Тактап айтканда, бажы кызматкерлери менен товар алып келген ишкер макулдашып алат да, товардын аты өзгөрүп катталат», — дейт Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM