Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу Парамарафон өткөрүлөт

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 645 | 0

Кыргызстанда алгачкы жолу парамарафон өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Парамарафон 1-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында майыптар арасында өтөт. Иш-чаранын катышуучулары төрт аралык боюнча чуркашат. Алар:

-Даун синдромунан жабыркагандар 500 метр аралыкты басып же чуркап өтөт;

-Баса албаган майыптар 1500 метр аралыкты араба менен өтөт;

-Азиздер жандоочусу менен 3000 метр аралыкты чуркап өтөт;

-Дүлөйлөр 4000 метр аралыкта чуркайт;

Мындан тышкары моралдык колдоо көрсөтүү максатында марафонго дени сак жарандар да катышмакчы. 16 жаштан 40 жашка чейинки курактагы жарандар 5000 метр аралыкта, ал эми 40 жаштан жогорку курактагы жарандар 3000 метр аралыкта күчтөрүн сынашат.

Парамарафон Улуттук паралимпиада комитети, Балыкчы шаардык мэриясы жана «Ынсап элим» коомдук фонду тарабынан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жана меценаттардын колдоосу астында уюштурулуп жатат.

Кыргызстанда алгачкы жолу өтө турган парамарафон майыптарды куунак жашоого үндөө, коомго аралаштыруу, биримдикти арттыруу жана паралимпиада оюндарын өнүктүрүү максатын көздөйт.

 

Copyright © 2017 Maral FM