29-апрелде «Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу аркылуу маселелерди чечүү жолдору» аталышындагы форум өтөт.
Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жогору окуу жайлар менен атайын мектеп-интернаттарын жана кесиптик лицейлерди бүтүргөн жетим балдардын ортосундагы байланышты арттырууга багытталган.
Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен мектеп-интернаттардан келген жетим жана кароосуз калган балдар катышат.
Ошондой эле, форумдун алкагында бош жумуш орундары сунушталып, ишке орноштуруу боюнча кеп-кеңеш, долбоорлор талкууланат.