Биз менен байланышыңыз

29-апрелде жетимдердин көйгөйү боюнча форум өтөт

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 574 | 0

29-апрелде  «Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу аркылуу маселелерди чечүү жолдору» аталышындагы форум өтөт.

Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жогору окуу жайлар менен атайын мектеп-интернаттарын жана кесиптик лицейлерди бүтүргөн жетим балдардын ортосундагы байланышты арттырууга багытталган.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен мектеп-интернаттардан келген жетим жана кароосуз калган балдар катышат.

Ошондой эле, форумдун алкагында бош жумуш орундары сунушталып, ишке орноштуруу боюнча кеп-кеңеш, долбоорлор талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM