Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футболчусу Белоруссияда гол киргизди

Кыска кабар , Спорт | 20 Апр 2019 | 582 | 0

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов Беларуссия чемпионатында өзүнүн алгачкы дебюттук голун киргизди.

Өлкөнүн жогорку Лигасынын чемпионатынын 4-турунда Гүлжигиттин «Неман» командасы өз талаасында «Витебск» клубун кабыл алды.

Беттештин 68-мүнөтүндө алмашуудан талаага чыккан мекендешибиз 5 мүнөт өтпөй гол киргизди. Бул гол беттештеги жалгыз жана Неманга жеңиш алып келген гол болуп калды.

Бул жеңиштен кийин Неман клубу 6 упай топтоп, мелдештик жадыбалда бешинчи сапка чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM