Биз менен байланышыңыз

УКМК Мамкаттоо жетекчилеринин камалуу себебин түшүндүрдү

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 642 | 0

2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып,  алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай,  Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн.  377 миң 750 сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү бир паспорттун баасы 165 сомго арзаныраак болуп 420 сом турмак. Тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан компания сунуштаган баа 585 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, атайын бланктык өндүрүмдү даярдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар, дүйнөгө белгилүү компаниялар негизсиз себептер менен тендердик комиссия тарабынан сынактан четтетилген.

Бул факт боюнча  Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компаниянын Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы үч адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий катында жазылган маалыматка караганда, жалпы жарандык паспорттордун 130 миң бланктары бар жана ошондой эле 2-майга чейин 250 миң даанасы алынып келинет.

Copyright © 2017 Maral FM