Перуда автобус күйүп кетип, 20 киши каза болуп, 7 киши кырсыктан жабыркады. Бул тууралуу El Comercio гезити жазды.
Окуя кечээ кечинде өлкөнүн борбору Лиманын Сан-Мартин-де-Поррес районунда катталган. Автобекетте турган эки кабаттуу автобустун артынан өрт тутанып, ал тездик менен жайылган. Натыйжада, экинчи кабаттагы жүргүнчүлөр качып чыгууга жетишпей калган.