Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Марал” радиосуна берген маегинде Орусия менен Кара-Балтадагы спирт заводун жандантуу боюнча 8 млн. долларлык келишимге кол коюлганын билдирди.
Анын айтымында, Орусия мындан сырткары, 23 млн. долларга 4 заводду модернизациялоо аракетинде. Ал эми Кыргызстан Орусияга балык экспорттоого артыкчылык берип жатат.
«Кыргызстандагы бир катар жеке менчик компаниялар Орусияга 1 млрд. рублге чукул балык экспорттоо боюнча меморандумга жана кант кызылчасын иштетүү багытында биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Биз Орусиянын инвесторлорун дайыма күтөбүз», — дейт Чодуев.
Маалым болгондой, булардан тышкары, Кыргызстан менен Орусиянын Үрөнчүлүк ассоциациясы 25 млн. долларлык келишимге, айыл чарба азыктарын кайта иштетүү боюнча 600 млн. сомдук меморандумга кол коюшкан.