Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Аксы окуясынын 17 жылдыгына катышат

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 886 | 0

17-мартта Бишкекте Аксы окуясынын 17 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Марал” радиосуна билдирди.

Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышып, сөз сүйлөй тургандыгы белгилүү болду.

Иш-чара саат 11де башталат жана ага бир катар саясатчылар да катышат.

Кошумчалай кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы болгон, анда 6 адам каза тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM