Bloomberg агентигинин эксперттери 1-февралда дүйнөдөгү эң бай адамдардын аттарын атады.
1-орун. Джефф Безос
Анын байлыгы 142 миллиард долларга бааланат.
Джефф Безос — америкалык ишкер, Amazon.com интернет-компаниясын жетектейт. Ошондой эле The Washington Post басма үйүнө жана Blue Origin аэрокосмикалык компаниясына ээлик кылат.
2-орун. Билл Гейтс
Анын байлыгы 95,8 млрд долларды түзөт.
Билл Гейтс — америкалык жеке ишкер жана коомдук ишмер. Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле Cascade investment компаниясынын башкы директору, Berkshire Hathaway директорлор кеңешинин мүчөсү жана Билл жана Мелинда Гейтс кайрымдуулук фондун жетектейт.
3-орун. Уоррен Баффет
Байлыгы 84,9 млрд долларды түзөт.
Уоррен Баффетт — америкалык ишкер, дүйнөгө белгилүү чоң инвестор жана адам зат тарыхындагы эң кайрымдуу инсан. 2010-жылы 97 млрд долларды кайрымдуулукка жумшаган.
4-орун. Бернар Арно
Байлыгы 76,6 млрд долларды түзөт.
Бернар Арно — франциялык бизнесмен, Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти.
5-орун. Марк Цукерберг
Байлыгы 65,6 млрд долларды түзөт.
Марк Эллиот Цукерберг — америкалык програмист жана ишкер. Facebook социалдык тармагынын жетекчиси.
6-орун. Амансио Ортега
Байлыгы 63,5 млрд доллар.
Амансио Ортега — ишкер, Inditex компаниясынын негиздөөчүсү жана экс-президенти. Аталган компания 77 өлкөдө 5 миң дүкөнгө ээлик кылат.
7-орун. Карлос Слим
Анын байлыгы 60 млрд долларды түзөт.
Карлос Слим Элу — мексикалык ишкер, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири. «Форбс» журналы тарабынан 2010-2013- жылдары дүйнөдөгү эң бай адам катары көрсөтүлгөн.
8-орун. Ларри Пейдж
Байлыгы 54,8 млрд доллар.
Ларри Пейдж — Google издегич системасынын иштеп чыгуучуларынын жана негиздөөчүлөрүнүн бири.
Google Alphabet маркетинг компаниясынын башкы аткаруучу директору. Ошондой эле Googleдагы PageRank ты ойлоп тапкан.
9-орун. Ларри Эллисон
Байлыгы 54,2 млрд долларды түзөт.
Лари Эллисон — америкалык ишкер, Oracle компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. NetSuite компаниясынын акционери жана Salesforce.com. копаниясынын баштапкы инвестору.
10-орун. Сергей Брин
Байлыгы 53, 3 млрд долларды түзөт.
Сергей Брин — америкалык ишкер, маалыматык технологиялар жана экономика илими боюнча окумуштуу. Ошондой эле америкалык атактуу илимий журналдарга ондон ашуун илимий иштери жарыяланган. Учурда эл аралык илимий-технологиялык форумдарга катышып турат.
1 пикир