Connect with us

Парламент Трамптын котормочусунун жооп берүүсүн талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 589 | 0

АКШ сенатынын айрым депутаттары президент Дональд Трамтан анын орус лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууларындагы котормочусунун  парламенттеги тиешелүү комитеттин суроолоруна жооп берүүсүн талап кылышты.

«Сиздин орус президенти Путин менен болгон сырдуу сүйлөшүүлөрүңүздү ачыктоо максатында, өзгөчө Хельсинкидеги сүйлөшүүдө котормочу болгон жарандын тиешелүү комитеттин суроолоруна жооп берүүсүн талап кылабыз»,-деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин америкалык «Washington Post» басылмасы президент Трамптын эки жыл аралыгында Путин менен болгон беш жолугушуусунда администрациядан эч кимди жанына албаганын, сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жашыруун сакталганын, документтерге жазылбай калганын басып чыккан. Парламенттин айрым депутаттары анын котормочусунан сурашканда, президент тыюу салган деген жүйө менен жооп берүүдөн баш тарткан. Бул Трамптын шайлоо штабы президенттик шайлоо учурунда орус тараптын кийлигишүүсүн пайдаланган деген айыптоолорго ансайын май тамызууда.

Трамп болсо жашыруун эс нерсеси жок экенине ишендирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM