Биз менен байланышыңыз

Орто кесиптик билим берүүнү милдеттүү кылуу сунушталууда

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 828 | 0

Кыргызстанда орто кесиптик билим берүүнү милдеттүү кылууну депутат Мирлан Жеенчороев Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда сунуштады. Ошондой эле билим берүү боюнча тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилди.

Бул мыйзам долбоору башталгыч-орто кесиптик бекер билим берүүнүн негизги орто билимин алгандар (5-9 класстар) жана орто билим алуу программасын алгысы келбегендерге (10-11-класстар) багытталган.

Анын айтымында, 7-15 миңге чейин 9-классты бүтүргөн окуучулар эч нерсе менен алек болушпайт.

“9-классты бүтүрүп, окубай койгон окуучулардын билим деңгээли төмөн. Бул болсо жаштарга терс таасирин тийгизет. Эгерде эч кандай көзөмөл болбосо, алар кылмыштуу топторго кошулуп кетиши да мүмкүн. Милдеттүү орто билим берүү аларга кесиптин ээси болууга жардам берет”,-деп айтты депутат Мирлан Жеенчороев.

Милдеттүү кесиптик билим берүүнү 2020- жылы ишке ашыруу сунушталды. Өкмөт жаш кесип ээлерин даярдап чыгууга 757 миллион сом бөлүп берүүгө даяр.
Бирок айрым депуттатар бул долбоорду колдогон жок. Алсак Бахадыр Сулайманов каршы болуп, анын ордуна билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM