Биз менен байланышыңыз

Казакстан Сириядагы жарандарын алып келди (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 739 | 0

Казакстандын атайын кызматы 5-6-январь күндөрү жүргүзгөн «Жусан» операциясынын алкагында Сирияга кеткен жарандарын кайтарып келди. Бул тууралуу расмий видеосун интернет сайтына жайгаштырышкан.

Атайын кызматтын аскердик учагы эрте мененки саат 11:15 чамасында Актау аба майданынан көтөрүлүп, саат 15:45 чамасында Сириянын аймагына конгон. Ал жерден алтоосу эркек, 11 аял жана 30 бала болгон 47 кишини алып кайтышкан. Улуттук коопсуздук кызматынан билдиргендей алар өз ыктыярлары менен мекенине кайтууга макул болушкан.

Атайын борборго жайгаштырылган балдар менен аялдар мекенине кайтканына кубанычтарын жашырышкан жок. Эми алар медициналык жана психологдун кароосунан өтүшөт.

Алардын ичинен террордук иш аракеттерге катышкан деп шектелген алты эркек киши менен бир аялга кылмыш иши козголду.

Кошумчалай кетсек, учурда Сириядагы жарандык согушка катышып жүргөн казакстандыктардын саны 380ге жакын. Алардын көпчүлүгү аялдар жана 400дөй жаш бала алар менен чогуу журүшкөнү маалым.

Copyright © 2017 Maral FM