Биз менен байланышыңыз

Камсыздандырууну башкаруу Соцфонддон Салык кызматына өттү

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 557 | 0

Мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Социалдык фонддон  Мамлекеттик салык кызматына (МСК) өтөт.  Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна кол коюлган, ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу кеңешмеде билдирди.

Премьер-министрдин айтымында бул чара ишкерлердин отчет тапшыруусунда убактысын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

«Мунун өзү бизнес менен алектенген юридикалык жана физикалык жактардын административдик жүктөмүн кыскартууга, салык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчет берүүдө жана камсыздандыруу полисин алууда убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени, муну бир мамлекеттик орган – Салык кызматы аркылуу ишке ашырса болот. Ошондой эле тийиштүү текшерүүлөрдүн саны азайтылат, себеби, аны салык орган кызматкерлери аткарат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жогоруда көрсөтүлгөн функцияларды өткөрүп берүү процессин жеңилдетүү үчүн 2019-жылдын 1-июлуна чейин МСКнын убактылуу карамагына  Социалдык фонддун   240 кызматкери жөнөтүлөт.

Мындан тышкары  Мухаммедкалый Абылгазиев төлөөчүлөрдүн салык органдарынын кызматкерлери менен түз байланышын азайтуу максатында  отчетторду электрондук түрдө берүү боюнча сервисти ыкчам ишке киргизүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM