Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Индонезиянын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 589 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу ал өлкөнүн башчысы Джоко Видодого көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез айыгып кетүүсүн каалайм», — деп президенттин жөнөткөн телеграммасында айтылган.

Эскерте кетсек, 22-декабрда Индонезиянын Ява жана Суматра аралдарын бөлүп турган Зонд кысыгында цунами орун алган. Анын кесепетинен набыт болгондордун саны 370тен ашты. Ал эми дайынсыз жоголгондор 120дан, жарадарлар 1500дөн ашты.

Copyright © 2017 Maral FM