Биз менен байланышыңыз

Оштун айрым райондорунда 2 күн газ болбойт

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 651 | 0

14-15-ноябрь күндөрү Ош шаарынын бир катар райондорунда газ өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Анда эки күн бою Кулатов, Ак-Тилек жана Туран кичирайондорунда газ болбойт.

Газдын өчүрүлүшү авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM