Биз менен байланышыңыз

Кадырбаев: Өзбекстанга 17 млн доллардык электр энергиясы экспорттолгон

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 719 | 0

Кыргызстан Өзбекстанга 17 млн долларга 400 млн кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында электр энергиясын берүүдө авариялык жагдайлар 2017-жылга караганда 11 пайызга, жарыкты өчүрүүнүн саны 800гө кыскарган.

Ал эми Айтмамат Кадырбаев бардык министрликтер жана ведомстволор күз-кыш жылуулук берүү сезонуна даяр экендигин белгиледи.

Ошондой эле Бишкек жылуулук электр борборунда реконструкция жана оңдоп-түзөө иштеринин 57 пайызы аяктап, ал 450 млн сомдук каражатты түзгөн. Жумуш толугу менен 1-ноябрда аягына чыгарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM