Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Бүгүн жарым финалдагы оюндар башталат

Кыска кабар , Спорт | 28 Янв 2019 | 1151 | 0

Азия Кубогунун жарым финалдык беттештери бүгүн, 28-январда башталат.

Биринчиликке катышкан 24 кураманын ичинен эң мыкты төрт команда: Иран, Катар, БАЭ жана Япония ылганып, жарым финалга калышты.

Бүгүн Иран-Япония футболчулары кезигишип, жеңүүчү финалга жолдомо алат. Иран курамасы мурунку баскычта Кытай курамасын жеңген. Ал эми Япония Вьетнамдын оюнчуларын утуп алган.

Ал эми эртең Катар-БАЭ жубу бет келишет. Катар өткөн баскычта Түштүк Коречны утса, БАЭ курмасы Австралияны жеңип алган.

Беттештер Абу Дабидеги Хассан бин Зайед стадионунда Бишкек убактысы боюнча 20:00да башталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM