Биз менен байланышыңыз

Мадуро: Америкалык элчилер Венесуэланы таштап чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Янв 2019 | 884 | 0

Америкалык дипломаттардын акыркы тобу Венесуэланын борбору Каракас шаарынан чыгып кетишчи. Бул тууралуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро жаштар менен жолугушканда айткан сөзүндө белгиледи.

Мадуро өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 30 күндүн аралыгында АКШ менен эки өлкөнүн кызыкчылыгын билдирүүчү органдарды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берген.

Мадуронун айтымында, өкүлчүлүктөр Кубада жыл бою иштеген жана АКШ менен диплиматиялык мамилелерге ээ болбогон мекеме болот.

Буга чейин Каракас менен Вашингтон 30 күн аралыгында өз ара кызыкчылыктарды билдирүүчү мекеме ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барары айтылган. Бул убакыттын ичинде калган өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине өлкөдө калууга уруксат берилет. Ошондой эле макулдашылган мезгилдин ичинде алар дипломатиялык укуктарга ээ болушат.

Эгер макулдашууга жетишилбесе анда элчилердин ишмердүүлүгү токтотулат. Алар  өлкө аймагынан 72 сааттын ичинде чыгып кетиши керек болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM